Ордо калаа көчөлөрүндө жарык орнотуу иштери улануда

Ордо калаа көчөлөрүндө жарык орнотуу иштери улануда.

Мэриянын маалыматына караганда, “Бишкек жарыктандыруу”

муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 6-7 жана 11-кичи

райондордо пландык иштерди жүргүзүштү. Мындан тышкары

Токмок, Калинин жана Ауэзов көчөлөрү түнкүсүн жарык болуп калды.

Буга чейин ордо калаанын 10 тилкесинде чырактар орнотулган.

Мындан улам катардагы жарандар дагы шаардагы караңгы көчөлөр

жөнүндөгү билдирүүнү муниципалитетке калтырып койсо болот.