Талас облусунун Кара-Буура районунда 1 миллион сомго балдар аянтчасы курулууда.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Көк-Сай айылындагы эс алуу багынын
20 сотых жеринде иштер жүрүп жатат. Учурда таманташтар жана тосмолор орнотулууда.
Мындан кийин батут, теннис столдору жана эс алуу чатырлары пайда болот.