Балдарды 1-класска электрондук түрдө кабыл алуу системасы жанданды.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,
мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу
үчүн ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталына кирип, керектүү документтерди тиркеши керек.
Эске салсак, 2020-21-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкектен тышкары
Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында да жүргүзүлүүдө.