Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо кымбаттады

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо кымбаттады.

Билимди баалоо борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси

Чынара Баткеева билдиргендей, анын суммасы 370 сомду түзөт.

Бул сумма үч жылга чейин өзгөрбөйт. Учурда мектеп, кесиптик окуу жай,

колледжди аяктап жаткандарга каттоо жүрүп жатат, ал 3-апрелге чейин уланат.

Каттоо алар окуган жерде, окууну былтыр аяктагандар үчүн шаардык жана

райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Кошумчаласак,

буга чейин каттоо 320 сомду түзүп келген.