Улуттук банк насыянын пайызын көтөрдү

Улуттук банк насыянын пайызын көтөрдү.

Эсептик чен 0,75 пайызга жогорулап, эми 5 пайыздан чегерилет.

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында,

мындай чечимди кабыл алууга нефтинин баасы түшкөнү себеп.

Мындан тышкары, дүйнөлүк экономикага зыян келтирип жаткан

коронавирустун тиешеси бар. Кытайда өндүрүүчү компаниялардын

айрымдары жабылгандыктан, тартыштык пайда болушу ыктымал.

Товарлар Түркия менен АКШнын продукцияларына алмаштырышы мүмкүн.

Бирок аларды ташып келүүгө кеткен акы кымбатыраак.

Эсептик чен өлчөмдү жогорулатуу инфляцияны жөнгө салуу максатында, — деди Абдыгулов.