Белгиленбей калган майрамдарга бөлүнгөн каражат мэриянын эсебинде калат.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, дүйнөгө тарап жаткан коронавирустан улам
Бишкекте өтө турган массалык-маданий иш-чараларды токтотуу чечими кабыл алынды.
8-март Эл аралык аялдар күнү жана 21-март Нооруз майрамына жалпысынан
4 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн. Эми каражат оптимизацияланып,
алдыга өтө турчу башка майрамдарга багытталат. Кошумчаласак, быйыл мэриянын
Маданият башкармалыгы 17 масштабдуу иш-чара өткөрүүнү пландап жатат.