Кытайда байланышка чыга элек кыргызстандыктар бар

Кытайда байланышка чыга элек кыргызстандыктар бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан Кытайда 4 миңден ашуун кыргызстандык студент окуйт. Алардын айрымдары каникулга үйлөрүнө кетишкен, айрымдары Кытайда калган.

 

Элчилик коронавирус коркунучунан улам, бардык кыргызстандыктар менен байланышып, аларга көмөктөшүүгө аракет кылууда. Бирок байланышка чыкпай жаткан мекендештер да бар. Эске салсак, 2-февралда Казакстандын колдоосу менен Кытайда окуган 18 студент Кыргызстанга алынып келинген.