Ордо калаада көчөлөрдү оңдоо кийинки айда старт алат.
“Бишкектин көчө жана жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун
2-фазасында 60 көчө кайра калыбына келтирилет.
Аталган жолдордун көбү кеңейтилет жана жаңыдан салынат.
Ар биринде ирригациялык тармак, тротуар түшүрүлөт.
Ошондой эле көпүрө куруу да бар. Курулуштун 2-фазасына
2 жыл керектелет. Ал кытайлык гранттын эсебинен ишке ашат.