Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсүндө 3 миллиард доллар айырма чыкты.
Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.
Анын айтымында, биздин өлкөгө Кытайдан 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон.
Кытайдын маалыматы боюнча ал импорт 5 миллиард доллар көлөмүндө.
Дал келбөөчүлүк эки тараптын эки башка көрсөткүчтөрүнө байланыштуу.
Бул жагдай биз товарлардын наркын көрсөтсөк, алар салмагын баалаганында.
Ал эми Кытайдан жыл сайын 2 миңдей жүк ташуучу унаа кирип турат.