Ордо калаада курулуп жаткан сейил бак америкалык Диснейлэндди чагылдырат

Ордо калаада курулуп жаткан сейил бак америкалык Диснейлэндди чагылдырат.

Бул тууралуу мэриядан novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда,

“Балалык” аталышындагы эс алуу багы Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев

көчөлөр кесилишинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 10 гектардан ашык.

Учурда эс алуу жайынын эскизи даяр, анда суу оргумалары, отургучтар жана

вело жолчо пайда болот. Ал жай айларында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Жарыктандырууга 200 жол чырак орнотулмакчы. Ошондой эле 900 түп бак отургузулат.

Курулуштун 2-этабында Диснейлэндди чагылдырган атракциондор пайда болот.

Курулушка шаардык бюджеттен 75 миллион сомго жакын каражат бөлүндү.