Ордо калаада жоогазындар гүлүн ачты

Ордо калаада жоогазындар гүлүн ачты. “Бишкек жашылдандыруу”

муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жазгы көрктөндүрүү

иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда шаардагы клумбаларда 185 миң

жоогазындын 18 түрү отургузулду. Алар Курманжан Датка эстелигинин

айланасында, жаштар аллеясында, филармониянын алдында, Ахунбаев

7-апрель, Фрунзе Ибраимов көчөлөр кесилишинде пайда болду.

Көрктөндүрүү иштери калаадагы бир катар коомдук жайларда жана

мамлекеттик мекемелердин короолорунда жүрүп жатат.