Кытайдын Чжэнцзян провинциясынын тургуну Сяо Лю кыз менен жолугушуудан качып кетти. Анткени, бийкеч жолугушуу боло турган ресторанга 23 тууганын ээрчите келген. Алар бир нече стөлдү ээлеп, дээрлик 3 миң долларга тамак-аш буйрутма беришти.
Муну көргөн Сяо Лю ресторандан качып жөнөдү. Кыз болсо, айла жок, сумманы өзү төлөөгө аргасыз болду. Ал эми анын туугандары мындай ачкөз күйөө бала кереги жоктугун айтышууда.