Коронавирус менен күрөшүү боюнча ачылган эсептеги каражат 70 миллионго жетти

Коронавирус менен күрөшүү боюнча ачылган эсептеги каражаттын суммасы

70 миллионго жетти. Республикалык штабдын маалыматына караганда,

административдик эсепке каражат которуу улантылып жатат. Эске салсак,

буга чейин эсептеги 38,5 миллион сому өлкө аймагындагы вирус катталган жерде

иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которуу чечими кабыл алынган.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар каржы

министрлигинин сайтында жеткиликтүү.