Германияда эң сулуу уй аныкталды

Германияда эң сулуу уй аныкталды. Ири мүйүздүүлөр арасында сулуулук сынагы өткөрүлүп, 3 жаштагы Хайке аталышындагы кунаажын жеңүүчү аталды. Ал жүздөгөн уйдун арасынан сулуулугу менен суурулуп чыкты.

 

Добуш берүүгө жергиликтүү тургундар жана атайын түзүлгөн калыстар тобу катышты. Сулуу уй эң мыкты критерийлерге ээ – салмагы 800 килограмм, териси жылмакая жана келбети жакшынакай. Эми анын сүрөтү аймактагы популярдуу сүт продукциясынын этикеткасына жайгаштырылат.