“Коопсуз шаар” долбоору боюнча чогултулган айып тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат.
Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо
фондуна берди. Жакынкы арада аккумуляцияланган 145 миллион сом боюнча тиешелүү документтер
толтурулушу керек. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тиешелүү даярдыктар башталды.