Бишкек мэриясы айт-намазды өткөрүүдөн баш тартууну сунуштайт

Бишкек мэриясы айт-намазды өткөрүүдөн баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу Санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

 

Анын айтымында, ордо калаадагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда, андыктан, массалык иш-чараларды өткөрүү сунушталбайт. Массалык айт намаз боюнча акыркы чечимди Мусулмандардын дин башкармалыгы кабыл алат. Эске салсак, быйыл Орозо айт 13-майга туура келет.