Муфтият битир садаганын баасын бекитти

Муфтият битир садаганын баасын бекитти. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдришкендей,  быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.

 

Базар баасы менен алганда ар бир адамга 40 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары ун, мейиз, арпа, курма менен берсе болот. Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерге бере алышат.