Кыргызстанга көчмө компьютердик томограф жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тиешелүү келишим япониялык адистер менен жетишилди. Көчмө томограф жүрөк-кан тамыр жана башка ооруларды баштапкы этабында аныктоого шарт түзөт.
Диагностиканы көбүнчө алыскы райондордун тургундарына жасоо пландалууда.
Томограф автономдук түрдө иштеп, электр кубатына зарылчылыгы жок.