Кыргызстанда балдардын пландык иммунизациясы жанданды

Кыргызстанда балдардын пландык иммунизациясы жанданды.

 

Бул тууралуу   24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Белгилеп кетсек, 1 жашка чейинки бөбөктөргө эмдөөлөр стационарларда жана убактылуу түйүндөрдө жасалат.

 

Ошондой эле, көчмө бригадалар уюштурулат. Андан тышкары, эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөр кызамыкка каршы дагы жасалат. Эске салсак, пландык вакцинация өзгөчө абал режими киргизилгенде токтотулган болчу.