Чет элдиктер медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирилиши мүмкүн

Кыргызстандагы чет элдиктер медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирилиши мүмкүн.

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Кеп өлкөдө убактылуу жүргөн студенттер, туристтер жана башка адамдар жөнүндө болуп жатат.

Документ өзгөчө кырдаалга кабылышы мүмкүн болгон альпинисттер үчүн өтө маанилүү экени белгиленди.

Бул маселе учурда талкууда.