Боомдо кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, жумуштар трассанын 132-чакырымында 22-25-май күндөрү аткарылат.

 

Мындан улам, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун тиешелүү тилкеси эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.