Рыскелди Мусаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан бошотулган.