Баткендеги кыйроолордун чыгымы кеминде 8 миллиард сом деп эсептелди

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяда кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 100 миллион долларга жакын деп эсептелди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал Баткен боюнча комиссиянын экинчи отуруму келерки жумада жеринде өтөрүн, суук түшкөнчө элди үйүнө киргизүү планы коюлуп жатканын кошумчалады.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган.

Душанбе кайра Бишкекти күнөөлөгөн.