Ош облусунда дары-дармектин эки айлык запасы бар

Ош облусунда дары-дармектин эки айлык запасы бар.

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирет.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан облуска 50 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жиберилген.

Учурда жеке коргонуучу каражаттардын 18,5 миңи бар. Ошондой эле 200 миң беткап, 15 миңдей

респиратор бар. Учурда демөөрчүлөрдөн жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардан да жардамдар келүүдө.