Россиянын Оренбург облусунан 963 кыргызстандык автобус менен алынып келди

Россиянын Оренбург облусунан 963 кыргызстандык автобус менен алынып келди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандар бүгүн 20 автобус менен

өлкөгө жеткирилди. Дагы 12 автобус менен 533 жаран Казакстандын жол полициясынын

коштоосунда келе жатат. Ведомстводон белгилешкендей, Россияда жүргөн кыргызстандык

жарандар чек аралар ачылганга чейин өз алдынча жолго чыкпай туруу сунушталат.