Ысык-Көлдө сел айдоо талааларын жабыркатты

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айыл аймагынын буудай жана беде айдалган аянтын сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 08:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен улам эгин талаасын сел каптаган. Натыйжада 20 гектар айдоо аянты керектен чыккан.

 

Ошондой эле Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын да сел каптаган.