Чүйдө үй күйүп, 74 жаштагы аял каза болду

Чүйдүн Москва районунда турак үй күйүп, 74 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Суу айылынын Чапаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыккан.

 

Тилсиз жоо дагы деле толугу менен өчүрүлө элеги айтылат.

Кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы аял киши көз жумган. Окуянын себептери такталууда.