Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын жолдору оңдоп-түзөөдөн өтөт.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда узундугу 500 метрди түзгөн тилкеге
асфальт төшөлүүдө. Ага катар айылдагы көчөлөр жарыктандырылат.
Иштерге жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом каралган. Белгилеп кетсек,
аталган аймактын тилкелеринде ремонт иштери чейрек кылымдан бери жүргүзүлгөн эмес.