“Ордо калаанын көчө тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы августта башталышы күтүлүүдө

“Ордо калаанын көчө тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы августта башталышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев novosti.kg ге билдирди.

Анын айтымында, жаңы тендерди долбоордун биринчи фазасын ишке ашырган компания утуп алды. Иштер Кытай

тарап келишимге кол койгондон кийин башталат. Эске салсам, экинчи фазанын алкагында 60 көчө ремонттолуп,

5 көпүрө курулат. Калаа бийлиги ушул жылы мыйзамсыз курулуштар жок, түрттүрүүгө

муктаждык жок болгон 12 көчөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландап жатат.