Ош шаарында Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат.
Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 715 метр тилке оңдолуп,
1,5 чакырым тротуар кеңейтилет. Түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылып,
IP-камералар орнотулат. Ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн эки тарабына дарак,
гүлдөр отургузулуп көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары, отургучтар жана атайын унаа
токтотуучу жайлар пайда болот. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат