Ош облусунун Ноокат районунда жаңы кыш чыгаруучу завод ачылды.
Бизге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, ишканага Көк-Жар айыл өкмөтү 5 гектар жер бөлүп берген.
Анда күнүнө 20 миң кыш чыгат.
Өндүрүшкө жалпысынан 7 миллион сом жумшалды.
Учурда бул жерде 50гө чукул жергиликтүү тургун эмгектенүүдө.