Ош шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулат

Ош шаарында 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулат.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланды.

Муниципалдык ипотекалык компания бул багытта дээрлик 281 миллион сом жумшоо ниетинде.

Көп батирлүү турак жай калаадагы Набережная көчөсүндө жайгашат.

Сынактарды кабыл алуунун мөөнөтү 29-мартта аяктайт.