Бишкектеги Кулатов көчөсү Кытай грантынын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги Кулатов көчөсү Кытай грантынын эсебинен оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, жолдун Байтик Баатырдан Каракөлгө чейинки тилкеси быйылкы жылга пландалган.

Тиешелүү кызматтарга жашылдандыруу иштерин, мыйзамсыз объектилерди түрттүрүүнү, ошондой эле

эски кабелдерди жана түркүктөрдү алуу жумуштарын тездетүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак,  быйыл жолдорду кайра калыбына келтирүү долбоорунун экинчи

фазасынын алкагында ордо калаадагы 35 көчөнү оңдоо пландалууда.