Ош шаарында айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-март күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын борбордук аянтында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Жарманкеде азык-түлүк, жер-жемиш, мөмө-жемиш, эт базар баасынан арзандатылган баада сатылат.
«Дыйкандарды, жеке ишкерлерди кызматташууга чакырабыз. Катышуучулар Ош шаарынын мэриясы тарабынан атайын чатырлар менен камсыздалат», — деп билдиришти мэриядан.