Ош шаарында үч эм төрөлдү.
Ымыркайларды 22 жаштагы эне операция жолу менен шаардык перинаталдык
борбордо жарыкка алып келди. Жайнагүл Умарова Кара-Суу районунун
Папан айлынын тургуну. Ымыркайлар жубайлардын экинчи балдары.
Эгиздер 2 эркек жана 1 кыз. Алардын ар биринин салмагы 2 килограммдан
ашат. Учурда эне жана балдардын абалы канааттандыраарлык.