Бишкектеги башкы балаты ушул жуманын аягына чейин алынат.
Novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, салтка айлангандай Ала-Тоо
аянтына орнотулган кыш сулуусу эски жаңы жыл майрамынан кийин
жыйналат. Бул болжолдуу түрдө 13-14-январга туура келет. Оюнчуктар,
инсталяциялар кийинки жылы да колдонуу максатында кампага жеткирилет.