Эмгек өргүүдө туура эс алуунун ыкмасы айтылды

Эмгек өргүүдө туура эс алуунун ыкмасы айтылды.

Россиялык дарыгерлерге таянып РИА Новости билдиргендей,

эмгек өргүүгө чыгуу ден соолукту бекемдеп алууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Уйкуну кандырып, туура тамактануу адамга оң натыйжадагы энергия берет.

Ошондой эле эс алуу учурунда дагы адам сергек болушу керек,

антпесе кайра калыпка кайтып келүүгө көп убакыт талап кылынат.