Голливуд актеру Киану Ривз өзү менен баарлашууну кайрымдуулук аукционуна чыгарды. Zoom тиркемесиндеги видео конференция 15 мүнөткө созулат. Аукцион 22-июнда өтөт, ал эми актер менен баарлашуунун өзү 6-июлга белгиленди.
Андан түшкөн каражат толугу менен балдардын оор дарттары менен күрөшүүгө жумшалат.