Кыргызстанда “Жаш муун” аталышындагы пианисттердин сынагы башталды.
Быйыл «Фортепиано» номинациясында 14-18 жана 19-25 жаш аралыгындагы он өнөрпоз жарышат.
Иш-чара Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.
Конкурстук концерттер 9-июнга чейин уланат. Каалоочуларга кирүү акысыз.