Ош шаарындагы Аалиев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, тилкенин 1 чакырымдан ашыгына
асфальт төшөлүп, жаңы тротуар түшүрүлөт. Ирригациялык лотоктор алмаштырып,
жарыктандыруу системасы жакшыртылат. Курулуш иштерине каражат
жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Планга ылайык, жумуштар
майда башталып, жол күзгө чейин пайдаланууга берилет