Быйыл ордо калаадагы узундугу дээрлик 5,5 чакырымды түзгөн 13 көчө оңдоодон өтөт

Быйыл ордо калаадагы узундугу дээрлик 5,5 чакырымды түзгөн 13 көчө оңдоодон өтөт.

Иштерди «Бишкек асфальтсервис» муниципалдык ишканасы жүргүзөт, — дешти калаа мэриясынан.

Учурда Ибраимов көчөсүндө — Жибек жолунан Күрөңкеевге чейин, Пушкин көчөсүндө — Павловдон

Бейшеналиевага чейин, Бобулов тилкесинде Чүй проспектисинен Пушкинге чейин жана

Аэропорт көчөсүндө Ажыбек баатырдан Безымянныйга чейин ремонттолууда.

Мындан тышкары, бир катар тилкелерде калыбына келтирүү жумуштары аягына чыкты.

Аларда кечээтен тартып унаалар жүрө баштады.