Бишкектиктерге жакынкы күндөрү өзгөчө этият болуу сунушталат. Буга чейин калың кар жаап, ал эми бүгүн-эртең күн кескин жылып кеткенине байланыштуу, имараттардын чатырларынан кар жана муз түшүшү күтүлөт.
Куткаруучулар имараттардын алдынан өтүүдө этият болууга чакырат. Өзгөчө көңүл жаш балдардын жүрүүсүнө бөлүнүшү кажет.