Бишкекте көңүл ачуу жайларынын ишине чектөөлөр киргизилди

Бишкекте көңүл ачуу жайларынын ишине чектөөлөр киргизилди. Мэриянын маалыматына ылайык, эпидемиологиялык абалга байланыштуу,  17-июндан тарта түнкү клубдар, ресторан-кафелер, коомдук тамактануу түйүндөрү, караоке-барлардын ишине түнкү саат 11ден таңкы 7ге чейин тыюу салынат.

 

Тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет.

 

Бул чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат.