Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсү 25-июнга чейин жабылат.
Кеп, көчөнүн Нургазиевден Аматовго чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат, — дешти
түштүк калаа мэриясынан. Аталган мөөнөт аралыгында №2-троллейбус каттамга чыкпайт.
Ал эми башка номурдагы маршруттук таксилер көчөнү айланып өтөт.
Кыймылга киргизилген убактылуу чектөөлөр күз-кыш мезгилине
даярдануу максатында, оңдоо иштерине байланыштуу.