Бишкек мэриясы жол кирени этабы менен жогорулатуу маселесин карап чыгат

Бишкек мэриясы жол кирени этабы менен жогорулатуу маселесин карап чыгат.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тиешелүү жетекчилерге

тапшырмаларды берди. Белгилеп кетсек, долбоор экспертизадан өтүп, профилдик

комиссиянын чечими чыгышы керек. Андан кийин шаардыктар аны коомдук талкууда карашат.

Эске салсак, буга чейин маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени

10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан. Буга байланыштуу ордо калаада

эки күндөн бери маршруттук таксилердин саны аз болгону байкалууда.