Бишкек мэриясы коомдук транспортту электрондук билеттештирүү системасына толук кандуу өткөрүүгө даярданууда

Бишкек мэриясы коомдук транспортту электрондук билеттештирүү системасына толук кандуу өткөрүүгө даярданууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда тесттик режим жүрүп жатат.

 

Анын алкагында валидаторлор жана “Тулпар” карталары текшерилүүдө. Ошондой эле автобус, троллейбустардын айдоочулары атайын окутуудан өтүп жатат. Ордо калаа бийлигинен белгилешкендей, электрондук карталарды алган жарандар катачылыктар тууралуу дароо билдире алат, аларды жоюу аракети көрүлөт.