Кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алат.
Өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришкендей, Россия кыргызстандыктардын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөнү ала элек.
Эске салсак, Чек ара кызматы 11-апрелден тарта Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү жойгонун билдирген.
Анда эки тараптын жарандарынан паспорт, терс ПЦР-тест жана COVID-19га каршы эмдөөнүн толук курсунан өткөнүн тастыктаган документ талап кылынат.