Нарын облусунун Баш-Кууганды айылында футбол талаасы пайдаланууга берилди.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, оюн аянтчасында спорттук мелдештер өткөрүлө баштады.
Курулуш иштерине 1 миллион 600 миң сом сарпталды.
Каражат айыл өкмөт тарабынан жана түрткү берүүчү гранттан бөлүнүп берилди.