Ошто “Коопсуздук-2022” аталышындагы масштабдуу машыгуулар башталды

Ош шаарынын аймагында “Коопсуздук-2022” аталышындагы масштабдуу машыгуулар башталды.

Түштүк калаа мэриясынан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты аймактагы мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн аскердик жана өзгөчө абал учурунда биргелешип кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттерин текшерүү, аныкталган кемчиликтерди жөнгө салуу болуп саналат.

Машыгуу аракеттери чындыкка жакын өткөрүлүп, шаар аймагында комендатуралар түзүлөт.

Анда жарандарды кантип эвакуациялоо жана убактылуу жайгаштыруу борборлорун түзүү көрсөтүлөт.

Машыгуу 26-майда аяктайт.