Баткен облусунда кошумча четкөөлөр киргизилип жатат

Баткен облусунда кошумча четкөөлөр киргизилип жатат. Ага ылайык, 10-июлдан тарта Баткен менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка аймактардын ортосундагы коомдук транспорт жана такси токтотулат.

 

Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүп,  жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт.

 

Азык-түлүк,тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат жок. Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга бара турган жарандар дарыгердин жолдомосу менен гана облустан чыга алат.